Биз менен байланышыңыз

Курсан Асановго дагы бир айып тагылууда

Кыска кабар | 20 Янв 2020 | 4691 | 1

Ички иштер министринин (ИИМ) мурдагы орун басары Курсан Асановго дагы бир айып тагылды. Мындай маалыматты күч органдарындагы жеке булактарына таянып 24.kg сайты жазды.

Такталгандай, Аскер прокуратурасы Асановго кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген айып тагылганын маалымдаган.

Алдын ала маалыматта вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун Тажикстандын атайын кызматына кармалганы боюнча жазган түшүнүк катты Курсан Асанов журналисттерге берген деп шектелет. Документ өзгөчө сыр болгондуктан, анда ага атайын гриф коюлган. Курсан Асанов айрым маалыматтар боюнча түшүнүк катты «Чындык» гезитинин редактору Турсунбек Бейшенбековго берген. Редактор аны гезитке жарыялаган. Ушундан улам, журналист азыр кылмыш жоопкерчилигине тартылууда, — деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, Курсан Асановго козголгон кылмыш иштин алкагында “Чындык” гезитинин редактору Турсунбек Бейшенбеков бүгүн камакка алынды.

Редактор өзү Курсан Асанов менен эч кандай жакын тааныштыгы жок экенин айтат.

1 пикир

1 пикир

  1. Надырбек омуралиев

    21.01.2020 08:33

    Менин пикиримди Жээнбеков уруп да ойнобойт да анан эмне эле пикир калтыр деп жаза бересиңер?

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM