Марал Радиосу

Кылмыштуу топтун издөөдө жүргөн мүчөсү кармалды

Кылмыштуу топтун мүчөсү (КТМ) катары Ички иштер министрлигинде каттоодо турган жаран кармалды. Аны Чүйдүн Сокулук милициясынын ыкчам тобу колго түшүргөн.

Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы билдиргендей, 35 жаштагы К.А. 2019-жылдын декабрь айынан бери издөөдө болгон.

Шектүү Сокулук райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, кийин №1 тергөө абагына которулду.

Exit mobile version