Марал Радиосу

Мирзиёев: Журналисттерди көпчүлүк жактыра бербейт, бирок мага жагат

Журналисттерди көпчүлүк жактыра бербейт, бирок мага жагат. Мындай пикирин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Олий Мажилистин шайлоодон кийинки алгачкы жыйынында сүйлөп жатып айтты.

— Жергиликтүү жана чет элдик маалымат булактарына да рахмат. Алар парламент менен элдин ортосун байланыштырып турат. Акыркы учурларда ЖМКлар өз үстүнөн иштеп, жакшы нукка өзгөрүүдө. Айрыкча, соңку шайлоо учурунда депутаттарга кандай курч суроолорду берип, маанилүү көйгөйлөрдү көтөрүп жатканын көрдүк. Көпчүлүк журналисттерди жактыра бербейт, бирок мага жагат,— деди Мирзиёев.

Андан сырткары, өлкө башчысы депутаттарга билимсиздикти жоюу үчүн көбүрөөк китеп окууну сунуштап өттү.