Марал Радиосу

1-февралда Анкарада Курманжан Датканын элесине арналган иш-чара өтөт

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев 17-январда Түркиянын президентинин башкы кеӊешчиси Ялчын Топчу менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Тараптар 1-февралда Анкара шаарында легендарлуу Курманжан Датканын элесине арналган биргелешкен иш-чараны ѳткѳрүү тууралуу макулдашышты.

Иш-чаранын алкагында, Түркиянын президентинин башкы Кеӊешчиси Ялчын Топчу, Кубанычбек Ѳмүралиев жана түрк профессору А.Арваз Курманжан Датканын өмүрү жана иш-аракеттери тууралуу баяндама тартуулады. Ошондой эле кинотасма кѳргѳзүү да пландалууда.