Марал Радиосу

Кытайда дагы 17 адамдан жаңы вирустун белгилери табылды

Pedestrians wear protective masks as they walk through a shopping district in Tokyo Thursday, Jan. 16, 2020. Japan's government said Thursday a man treated for pneumonia after returning from China has tested positive for the new coronavirus identified as a possible cause of an outbreak in the Chinese city of Wuhan. (AP Photo/Eugene Hoshiko)

Кытай бийлиги өлкө аймагында белгисиз вирус  менен дагы 17 оорулууну каттады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана гигиена боюнча Ухань шаардык комитети жекшемби күнү билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.

Жаңы оору менен кайрылгандардын баарына тиешелүү жардамдар берилген. Алардын үчөөнүн абалы оор. Расмий маалыматтар боюнча бүгүнкү күнгө чейин белгисиз вирус менен 62 окуя катталып, алардын ичинен 19  адам үйлөрүнө чыгарылган.

Кытайдын компетенттүү органдары бул маселе боюнча тыгыз иш алып барып, жаңы технологияларды кабыл алуу боюнча кадам жасалып жатат. Ошол эле учурда лабораторияда вирустун үлгүлөрүн изилдөө өткөрүлүүдө.

Комитет, ошондой эле, жакынкы аралыкта аталган оору менен ооругандардын саны өсүшү мүмкүн экендигин билдирген.

Эске салсак, декабрдын этегинде Ухань шаарынын Хубэй провинциясында белгисиз өпкө оорусунун жайылганы байкалган.