Марал Радиосу

Конор Макгрегор атаандашын 40 секундада жеңди

Ирландиялык мушкер Лас-Вегаста өткөн UFC 246 турниринде америкалык Дональд Серронеге каршы октагонго чыккан. Беттештин биринчи бөлүгүндө Макрегордун чагылгандай болгон соккулары атаандашын жерге кулатып, катуу сокку урду. Калыс беттешти токтотууга аргасыз болду.

Эске салсак, Конор Макгрегор буга чейинки беттешин орусиялык Хабиб Нурмагомедовго каршы өткөрүп жеңилип калган. UFC уюмунун президенти Дана Уайт “Эгерде Конор Серронени утса, Хабиб менен реванш алууга мүмкүнчүлүк алат” , -деп белгилеген.