Марал Радиосу

Тазабек Икрамов кийинки шайлоодо талапкерлигин коёт

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов кийинки парламенттик шайлоодо өз талапкерлигин коёт. Бул тууралуу ал өзү “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди. Учурда партиялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.

Эскерте кетсек, Тазабек Икрамов Жогорку Кеңештин VI чакырылышына “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын тизмеси менен келген. Кийин пикир келишпестиктер болуп, фракциядан чыккан.