Марал Радиосу

Кыргызстан былтыр жашылча-жемишти көп өндүрдү

Өткөн жылы Республикада миллион тоннадан ашык жашылча-жемиш өндүрүлүп алынган. Көрсөткүч 2018-жылга салыштырмалуу 3,5 пайызга өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат.

Былтыр 182 миң тонна сабиз алынып, 2018-жылдан 3,2% көп, 240 миң тонна помидор жыйналып, көрсөткүч 7,1 пайызга жеткен. Бадыраңдын өнүмү пайыздык өлчөм менен мындан да ашат — 130 миң тонна, бул 8,7 пайызга көп. Ал эми сарымсак 25 пайызга көп жыйналган.