Марал Радиосу

Өкмөт башчы Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу сүйлөштү

Сүйлөшүү учурунда Мухаммедкалый Абылгазиев Дмитрий Медведевге Орусия Өкмөтүнүн төрагасы кызматындагы биргелешкен үзүрлүү иши үчүн ыраазычылык билдирди. Өкмөт башчы анын кыргыз-орус мамилелерин өнүктүрүүгө жана ар кыл тармактардагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кошкон жеке салымын баса белгиледи. Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле Евразия интеграциясы идеясын илгерилетүү боюнча бирге жүргүзүлгөн конструктивдүү иштерге өзгөчө көңүл бурду. Ал Кыргызстанда Дмитрий Медведевдин стратегиялык өнөктөштүктү жана өлкөлөр аралык шериктештикти бекемдөөдөгү жеке салымы жогору баалана турганын белгиледи. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мухаммедкалый Абылгазиев достук диалогду жана конструктивдүү иштерди улантууга даярдыкты ырастап, Дмитрий Медведевдин чечкиндүүлүгү, кыраакылыгы жана топтогон тажрыйбасы мындан ары да Орусияны өнүктүрүү жана чыңдоого, ошондой эле кыргыз-орус кызматташтыгын келечектүү тереңдетүүгө кызмат өтөрүнө ишеним билдирди.

Сүйлөшүү учурунда кыргыз-орус алакаларынын актуалдуу маселелери талкууланды.

Exit mobile version