Марал Радиосу

Matteo Pellicone мелдеши: Айсулуу Тыныбекова финалда! (видео)

Айсулуу Тыныбекова Matteo Pellicone – 2020 эл аралык мелдешинин финалына чыкты. Дүйнө чемпиону жарым финалда АКШлык Kayla Colleen Kiyoko Miracle’ти бир мүнөттүн ичинде далысын тийгизип таза артыкчылык менен жеңди.

Эми финалда, Matteo Pellicone – 2020 рейтингдик эл аралык мелдештин алтын байгеси үчүн Орусиялык Любовь Овчарова менен таймашат.

Кыргыз курамасынан Айсулуу Тыныбекова 62 кг салмакта дүйнөлүк рейтингде биринчи орунда турат.

Балбан кыз Айсулуу Тыныбековага ийгилик каалайбыз!