Бакыт Төрөбаев 2020-жылда өтө турган шайлоодогу босого чекти 7% түшүрүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал 16-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
-«Өнүгүү-прогресс» фракциясы келе жаткан шайлоодогу 9% босого баллды 7% өзгөртүүнү колдойт. Шайлоо жакындап калды, буга чейин кабыл алынган мыйзамга тезинен өзгөртүү киргизүү керек, — деди Төрөбаев.
Эскерте кетсек, шайлоодогу босого баллга өзгөртүү 2017-жылы кирип, анда 9% деп бекилген болчу.