Биз менен байланышыңыз

Бекназаров: Мадумаровдун үч тарыхый документте колу турат

Кыска кабар | 16 Янв 2020 | 4490 | 2

Саясатчы, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров  кыргыз жерлеринин коңшуларга өтүп кетишине Адахан Мадумаровду күнөөлөдү. Бул туурасында бүгүн, 16-январда өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын негиздөөчүсү Адахан Мадумаров экөө 2005-жылы Акаевге каршы «Акаевге отставка, эл үчүн реформа» деген кыймыл түзүшкөн. Бирок шайлоонун алдында Мадумаров кыймылдан чыгып кеткен.

Бирок мен ага карабай, көп жылдан берки саясий позициясын, акылдуулугун, курчтугун эске алып,  Бакиевге кирип, социалдык өнүгүү боюнча вице-премьер-министр кызматына койдургам.  Бирок ал Өкмөткө кирери менен биз менен эмес, дароо эле Данияр Урицкий (Данияр Үсөнов-ред.) менен колтукташып кетти. Ошондон баштап 2010-жылга чейин Адахандын үнүн үч жерде гана уккансыңар, — деди Бекназаров.

Ал Мадумаровдун үч тарыхый документке кол койгондугун айтып, төмөнкүлөргө токтолду:

«Казак-кыргыз чек арасы каралып жатканда Каркыра, Көк- Сай, Токмоктун маңдайы, Маймак баардыгын казактарга өткөрүп берген. Тарыхый документте Жогорку кеңештин төрагасы Мадумаровдун «макул» деген добушу менен анын колу турат.

Азыркы учурда Айбалаев менен тартышып жүрбөйбү? Чек ара боюнча меморандумда Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы катары Адахандын колу бар. Анын ошол кызматта туруп меморандумга кол койгонго укугу бар беле? Өкмөт, Жогорку Кеңеш, Президент кол койгонго укук берген эмес.

Ысык-Көлдүн жээгинде Казакстанга өткөн 50 гектар жери менен төрт анклав бар. Алар Казакстанга мөөнөтсүз өткөрүлүп берилген. Мадумаров, Данияр Үсөнов экөө кезексиз жыйын өткөрүп, казактарга өткөрүп берген. Чек араны бир күндө өткөрүп берген. Ал жерде да Мадумаровдун колу турат».

Андан башка дагы Мадумаров 2009-жылы сунушталган «Кыргызстандын президентин Президенттин алдындагы кеңешме аныктайт» деген мыйзамдын автору экендигин кошумчалады.

Ошондой эле шайлоого партиялык тизме менен шайлансын деген мыйзамды да Мадумаров, Бакиев, Медет Садыркулов даярдап алып келгенин белгиледи.

Сөзүнүн аягында ал өзүнүн сатылбагандыгын айтып, Мадумаров менен айтышпай турганын, баары алдында жооп бере турганын билдирди.

Эске салсак, Мадумаров өзүнө карата айтылган жогорудагы сындарды четке кагып келет.

2 пикир

2 пикир

  1. Дд

    16.01.2020 16:29

    Чалдар тажаттынар.

  2. Токур

    16.01.2020 18:35

    Саясатчылар- элдин башын айланткан акмактарга айланды. Артынан айтпай, Айбалаев, Бекназаров эркек болсонор Мадумаровту туз эфирге чакыргыла элдин башын айлантпай. Эмне ушакчы катын болуп учоон бириндин артынан бирин жалаабы, чынбы айтып журосунор.

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM