Биз менен байланышыңыз

Карамат Орозова Баткенге суу сактагычтарды курууну сунуштады

Кыска кабар | 16 Янв 2020 | 1290 | 0

Баткенден кендин бардык түрү алтын, көмүр, нефть, алюминий, сымап чыгат. Ошондой эле, мөмө-жемиштин бардык түрлөрү өсөт. Тоолордон суулар агып түшүп, сууга да бай аймак. Облустун аймагында беш өлкөлөр аралык дарыялар бар. Дарыялардын суусун үч өлкө пайдаланат. Суунун көпчүлүк бөлүгүн Тажикстан жана Өзбекстан пайдаланат. Ошентсе да Баткен суу таңкыстыгы бар жер болуп эсептелинет. Ошондуктан, Баткендеги суу таңкыстыгын жоюу максатында суу сактагычтарды жана БСРлерди курууну сунуштайм. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Карамат Орозова билдирди.

«Себеби өмүр бою бул көйгөйлөр токтобойт. Ошондой эле пайдаланылбай турган жерлерге мамлекеттик ипотека менен Өкмөт көп кабаттуу үйлөрдү куруп берүүнү, ал эми аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ссудда жана арзандатылган насыя берүүнү программага киргизип берүүнү суранат элем» , -деди эл өкүлү.

Ошону менен эле катар жумушчу орундун жоктугунан Баткенде жумушчу орундарды түзүүгө ыңгайлуу штаттар бар экендигине токтолуп, мисал катары Самаркандек айыл өкмөтүндө көмүр иштетүүгө боло турганын айтып, мындан сырткары, Мадыген, Акчечек деген жайыт бар экендигине, ал жерлердин Тажикстанга качан өтүп кеткени белгисиз экенин, ал жерге Тажикстан айыл куруп алганын, аталган жерде кирпич жана цемент заводдорун курууга боло турганын айтты.

Copyright © 2017 Maral FM