Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов элеттеги элдин жашоосу оңолгонун айтып чыкты. Анын байкашынча айылда жашагандар ат, эшек минбей калган. Демек, бул элдин турмушу оңолуп, эл жыргап кой үстүнө торгой жумурткалады дегенди билдиреби? Элдин турмушунун сапаты кандай көрсөткүч менен бааланарын төмөндөгү материалдан биле аласыздар.
-Салыштырып көрсөк, мындан 10 жыл мурун айылда чогулуштарга эл ат, эшек минип, анча-мынчасы автоунаа менен келчү. 3-4 жылдан бери мен байкап жүрөм. Азыр жолугушууга ат минип келген кишини көрбөйсүң. Эшекти айтпай эле коёлу. 500 адам келсе, сыртта жок дегенде 250 машине токтоп турган болот. Бул турмуштун жакшырганы эмеспи? — деди.
“Эшек минбей калдык, демек, оңолдук.” Бул Вице-премьер-министр Кубабек Бороновдун айылдагы турмуштун оңолгондугу тууралуу пикири. Анын белгилешинче, элеттиктердин баары бутуна туруп, жөө жүрбөй калган. Бул тасма азыркы учурда социалдык тармактарда коомчулуктун кызуу талкуусуна түшкөн. Ар түрдүү пикирлер, вице-премьердин дарегине сын айтылып, ошол эле учурда Бороновдун айткандары туура экенин жазгандар да бар. Бирок жакында эле интернетке 2019-жылдын декабрь айында тартылгандыгы айтылган тасма тараган. Анда Өзгөн районунун Зергер айылынын окуучулары мектепке унаа катары эшек минип келери айтылып, 5-6 эшектин мектеп стадионунда байланып турганын көрүүгө болот.
“Негизи, жалпы элдин, анын ичинде айылдыктардын турмушу оңолгону кантип ченелет? Чындап эле жашоо жакшырдыбы?” деген суроо менен экономист Кубан Чороевке кайрылып көрдүк. Ал айылдарда айыл чарбанын өндүрүмдүүлүгү төмөн жана миграциянын күч экенин белгиледи:
-Айыл турмушун карасак, басымдуу бөлүгү айыл чарбасы менен алектенет. Ал эми айыл чарбанын өндүрүмдүүлүгү, чынында, ылдыйкы деңгээлде. Экинчиден, түштүк региондордо киши башына сугат жердин саны да аз. Ошондой эле айылдарда миграция агымынын күчөп турган учуру. Бул негизи, мыйзам ченемдүү нерсе. Ар бир мамлекеттин өнүгүүсү айылдан шаарды көздөй башталат. Бүгүнкү күндө айыл өзүн-өзү иш менен камсыздай албайт, ошондуктан чоң шаарларга, чет өлкөлөргө жумуш издеп кеткендердин басымдуу бөлүгү да айылдан. Ушул көрсөткүчтөр менен эле бизде айылдар канчалык деңгээлде өнүккөндүгүн айтсак болот.
Эл бүгүнкү күндө чогулуштарга келгенде, жыйындарда маданияттуу кийинип, басканды үйрөнүп калды. Өкмөт мүчөсү кандайдыр бир статистикага таянбай, индикатордук салыштыруу менен элдин жашоосу оңолгонун айтканы күлкүлүү жана уят. Мындай пикири менен бөлүшкөн активист Улан Үсөйүн “элдин жашоосунун оңолгонунда азыркы бийликтин салымы жок”, — деп эсептейт.
-Бир четинен күлкүлүү. Биздин мамлекетти башкарган үчүнчү адамыбыз эшекти индикатор кылып, “байыдык-байыбадык” деп айтып жатканы. Анан “элдин жашоосу жакшырды” десе да, өткөн бийлик дагы, азыркы бийликтин да элдин жашоосуна салымы жок. Эл өзү менен өзү жашап жатат. Эл өзүнүн жашоосун өзү куруп жатат. Мамлекет каракчынын эле образында. Система каракчы болуп калды. Анткени бир ишканага 12 кызматтан текшерүү барат экен. Муну айтып жатканымдын себеби “биз оңолдук, биз кылып жатабыз» деп ушундай көрсөткүчтөр баалаганы, чынында, күлкү келтирерлик!
Ал эми депутат Марлен Маматалиев чайга, нанга зар болгон күндөрүн эскерип, “салыштырмалуу андай абалдагы жарандар бүгүнкү күндө чанда эле кезигет” дейт. Бирок анын белгилешинче, 20 жыл мурункуга салыштырмалуу калктын жашоо шарттары оңолгону менен, Кыргызстан өнүгүү жолуна түшө элек.
-Негизи эле, айылдын же Кыргызстандын өнүгүшүн карап көрсөк, чынында, 28 жыл мурункуга салыштырмалуу албетте өсүш бар. Турмуштун оңолгондугу туура. Айылдарда буудай ун жок, арпа менен жашап калган учурларыбыз болгон. Көзүм менен көргөм, өзүм да ошондойлорду жегенмин. Албетте, ага салыштырмалуу турмушубуз бүгүн жакшы. Бирок, өнүгүп-өсүш жок. Бизде өнүккөнгө шарттарыбыз бар, бирок аларга биз жеткен жокпуз. Биз өнүккөн өлкөлөрдүн катарында эмеспиз. Алдыда жумуштар бар. Өнүккөн мамлекеттердин катарын акиргенге милдеттүүбүз.
Айта кетсек, 2018-2019-жылдар “аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыяланган. 2020-жылда аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруларын Президент Сооронбай Жээнбеков белгилеп келет.
Бүгүнкү күндө 1 миллиондон ашуун Кыргызстандык миграцияда жүрөт, алардын басымдуу бөлүгүү элеттин жашоочулары. Ошондой эле, Кыргызстан 2019-жылы 50 эң кедей өлкөлөрдүн катарына кирген.