Марал Радиосу

Пашинян бүгүн Тергөө комитетинде сурак берди

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян бүгүн, 15-январда көрсөтмө берүү үчүн тергөө комитетинде болду. Бул тууралуу өкмөт башчы «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

«Армениянын тарыхында биринчи ирет өлкө башчылары тергөө комитетине чакырылып, тергөөчүнүн суроолоруна жооп берүүдө»,- деди Пашинян. Ошондой эле, тамашага салып, тергөө комитетинин бул чакыруусун «саясий куугунтук» катары баалай турганын белгилеп өттү.

Тергөө комитетинен чыккан соң Пашинян журналисттердин суроосуна жооп берүүдөн баш тартты. Ал сурак боюнча атайын пресс-релиз чыгарын гана айтты.

Маалымат булактары жазгандай, премьер-министрдин сурагы 40 мүнөткө созулган.