Марал Радиосу

Былтыр «Балдар үчүн ишеним телефонуна» 143 миң кайрылуу түшкөн

«Балдар үчүн ишеним телефон» борборуна 2019- жылы 143 миң 630 телефондон кайрылуу (же орточо бир суткада 393 чалуу) түшкөн. Бул тууралуу аталган борбордун директору Марина Жапаркулова билдирди.

«Кайрылгандардын 1832 абоненти консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган, 1120 абонентке жеринен телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилген, 174 абонентке психологиялык консультация берилди, 538 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган», — дейт ал.

1832 чалуунун ичинен эркектерден – 457  кайрылуу(25,0%), аялдардан — 1375 кайрылуу (75,0%), балдардан – 263, анын ичинен эркек балдардан — 79 (30,0%) жана кыздардан — 184 (70,0%) кайрылуу түшкөн.

Түшкөн 1389 кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

Балдардын укугу бузулган фактыларга ыкчам чара көрүү, кризистик кырдаалдарга бөгөт коюу чараларын кабыл алуу үчүн Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине караштуу 111 кыска номери менен “Балдардын ишеним телефону” борбору – мамлекеттик мекемеси иштөөдө.

Борбор күнү-түнү иштейт. Борбордун психологдору абоненттерге, анын ичинде балдарга карата зомбулук жана ырайымсыз мамиле жасалган учурларда консультациялык-психологиялык жардам көрсөтөт. “111” номерине келип түшкөн чалуулардын бардыгы жазылат.