Марал Радиосу

Кыргызстанда дагы 4 оорукана акысыз гемодиализ программасына кирди

2020-жылдын 1-январынан тарта Нарын, Талас, Ысык-Көл облустук жана Балыкчы шаардык ооруканалары дагы акысыз гемодиализ программасына киргизилди. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан кабарлашты.

Акысыз гемодиализ кызматын көрсөткөн мамлекеттик ооруканалар аталган фонддон каржылана баштады.

Бөйрөк оорусу бешинчи стадияга жеткен бейтаптар аталган медициналык жайлардан жеңилдетилген шартта гемодиализ ала алышат. Ал эми чыгымдар фонд тарабынан төлөнөт.

Өткөн жылы 18 жеке клиника 1116 бейтапка гемодиализ кызматын көрсөткөн. Фонд тарабынан каржыланган сумма 530 миллион сомду түзгөн. Ноябрда Саламаттык сактоо министрлиги гемодиализге муктаж кошумча 118 бейтаптын тизмесин берген.

2020-жылдын 1-январына карата акысыз гемодиализ алып жаткандардын саны 1234 адамды түзөт.