«Келин кандай болуш керек? Келин кайын журтка кызмат кылганга милдеттүү эмес» деген ар тараптуу пикирлер шоу дүйнөсүндө көтөрүлдү. Бул сөздөр социалдык тармактарда да кызуу талкууга түшүп, ачакей пикирлер айтыла баштады. Бири динге ыктаса, башкалары кыргыздын салт-санаасынан мисал келтирип, өз ойлорун жазып жатышат. Негизи, келиндин милдеттери кандай? Дин багытында да, кан-жаныбызга сиңип калган салтта бул кандай болду экен?
17 жашында көп бир туугандуу адамга турмушка чыккан Жылдыз Эсеналиева келин болгон күндөн тарта кайната-кайненеси менен бирге жашап келет. Анын пикиринде, келин болуп барган кыздар кайын журтка кызмат кылып, бүлө болуп жашап кетүүсү керек.
-Мен кайната-кайнене менен жаңы келин болуп келгенден бери жашап келем. 22 жылдын жүзү болуп калды. Кадимкидей эле эртең менен эрте туруп, аларга чайын берип, уйду саап, кызмат кылып келем. Балдарымдын асты 22ге чыгып калды. Кайын журтка кызмат кылуу — мен үчүн келиндик милдетим. Кайнежелерим шаарда турат. Алар келгенде тамак берип, төшөгүн салып берүү, албетте, менин милдетим да. Бул нерсеге мен эч кандай жаман көз караш менен карап, же нааразы эмесмин. Кудайга шүгүр, жашоом уланып жатат.
Бирок учурда кыргыз шоу дүйнөсүндө келин барган жерине кызмат кылууга милдеттүү эместигин айтып чыгышты. Бул сөздөр социалдык тармактарда талкууга жем таштап, талашып-тартышуу башталды. Буга чейин дагы «келин кул эмес» деген сыяктуу сөздөр коомчулукта байма-бай айтылып, атүгүл, кыска метраждуу кино тасмалар да жарык көргөн эле. Максат ажы Токтомушов да кыз барган жеринде кызмат кылууга милдеттүү эместигин айткан болчу.
-Келин — кул эмес. Барган жеринде жумуш жасоо анын милдети эмес. Ал күйөөсүнүн гана сөзүн угуп, ага болгон сый-урматы артыш керек. Ал эми кайын журтка жакшы мамиле жасоо, ата-эненин батасын алуу гана иретинде оокат жасаса болот.
Коомчулукту ойго салган келиндин кайын журтка кызмат кылуу көйгөйү динде кандай каралган? Биз муфтияттын фатва бөлүмүнүн адиси Бактыяр Токтогазиевге кайрылдык. Ал бул тууралуу:
-Динде «келин кызмат кылууга милдеттүү» деп айтылган эмес. Бирок келин күйөөсүн урматтоого, анын сөзүн угууга милдеттүү. Бирок жолдошунун ата-энесинин батасын алуу, сый-урмат көрсөтүү деген бар. Экинчи тарабын алып карасак, улууларды урматтап, аларга кызмат кылуу биздин каныбызга сиңип калган. Болгону ортодо түшүнүк, сый мамиле болушу керек, — деди.
Деген менен Кыргыз Республикасынын Эл артисти Каныкей Эралиева кыз жолдошун сүйүп тандагандан кийин анын ата-энесин, бир туугандарын да сыйлоого милдеттүү деп эсептейт. Бүгүнкү күндө үй-бүлөлөр эки ажырым жолго түшүп же күч күйөө болуп жаткан көрүнүштөр ар ким өз милдетин билбегендиктен болуп жатканын айтып берди.
-Эртең менен туруп, кайын журтка чай белендеп, кызмат кылуу, албетте, келиндин милдети да. Кыргызда жакшы сөз бар: «келин барган жеринин оту менен кирип, күлү менен чыгыш керек» деген. Ата-бабаларыбыз кызын узатып жатканда: «барган жериңе суудай сиңип жаша» деп кетиришкен. Ошон үчүн да ушул сыяктуу көйгөйлөр аз болгон. Кыз барган жеринде эч нерсе кылбай, койкоңдоп турса, кимге жагат? Мына ошондон үй-бүлө бузулат. Экичи жагы, барган жери да жакшы болушу керек. Келинди кордобой, тескерисинче, бүлөгө көндүрүп алышы керек. Ошондо гана бир консенсуска келет го деген ойдомун.
Биз коомчулук кызыгып, суроо жаратып жаткан теманы шаардын тургундарынан да сурап көрдүк.
-Келин кул эмес! Эмне үчүн биз кыргыздар ар дайым кыздарды басып келебиз? Алардын эжеси же карындаштары жокпу? Же апасы жокпу? Эмне үчүн кыздар өмүр бою түйшүк тартып, бирөөгө кул болуп жашашы керек? Мен такыр түшүнө албай койдум.
-Эки тарапта тең сый-урмат деген болушу керек. Бири-бирин түшүнүү менен карап, келген келинди өз кызындай кабыл алса, проблема пайда болбосо керек.
-Мен үйдүн кичүүсүмүн. Ата-энемди караган, тамагын жасаган, сыйлаган кыз алышым керек. Эртең менен туруп эшиктин алдын шыпыруу, тамак жасоо келиндин милдети да.
-Кайын журтка кызмат кылуу милдетпи же жокпу, билбейм. Бирок мен сыйлаганга аракет кылам.
Адистердин айтымында, кыз барган жерине 7 жылда гана көнүп, үй-бүлөнүн жазылбаган саясаттарын түшүнө аларын белгилешет.