Марал Радиосу

ИИМ: Темировдун сабалышына шектүү катары 4 жаран кармалды

Factcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темировдун 9-январда сабалышына шектүү катары 1993-жылы туулган Д.Б., 1993-жылы туулган А.Б., 1992-жылкы Э.Ж. жана 1994-жылы туулган А.О. аттуу Жалал-Абад облусунун 4 тургуну кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн, 14-январда эртең мененки саат 07:00до Жазык- процесстик кодексинин 98 –беренесине ылайык, шектүүлөр Жазык кодексинин 201-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1,2 пункттары жана 3-бөлүмүнүн 3-пункту менен Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда кылмыштын баардык жагдайларын аныктоо максатында тергөө амалдары уланып жатат. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө бардык жагдайлардын аныкталышы менен шектүүлөрдүн кыймыл аракетине кошумча юридикалык баа берилет.

Эске салсак, 9-январда Бишкек шаарына караштуу Биринчи Май районунун ички иштер башкармалыгына Factcheck.kg интернет сайтынын башкы редактору Болот Темиров жазуу түрүндө арыз менен кайрылып,  саат 12:45 чамасында Бишкек шаарынын Эркиндик бульварынан  25-30 жаштардагы үч белгисиз жаран кол салып, күч колдонуу менен сабап, «Самсунг Ж-7» үлгүсүндөгү 4 миң сомдук уюлдук телефонун алып качып белгисиз тарапка качып кетишкенин билдирген. ИИМ бул фактыны «Тоноо» беренеси менен каттап, шектүүлөрдү издеп баштаган.

Exit mobile version