Быйыл энергетиктер калк менен тыгыз иштешип, ар бир үй менен байланышты камсыз кылып турушту. Региондордо чечилбеген көйгөйлөр көп, аны жоюунун үстүндө иштеп жатабыз. Энрегетиктерге коюлган талаптар жана нааразылыктар бар. Биринчи талап — тариф маселеси. Абоненттердин нааразычылыгын пайда кылып жатабыз. Бирок агенттик койгон тариф менен иштейбиз. Тариф өзгөргөн жок, жакында тарифти өзгөртүү планы да жок. Тариф 6 жылдан бери туруктуу сакталууда. Бирок инфляция өстү, ага жараша тарифтер да өзгөрүшү керек болчу. Бирок Өкмөт калктын мүмкүнчүлүгүн эске алууда. Бул тууралуу Улуттук энергохолдигдин жетекчиси Айтмамат Назаров маалымат жыйынында билдирди.
—Акылдуу эсептегичтер туура эсептейт. Аны далилдөөгө даярбыз. Жабдык жасаган компания да тетиктин так иштөөсүнө кызыктар. Эски эсептегичтер менен алдоону ар бир жаран билип калды, ушундай көйгөй жаралгандыктан акылдуусу менен эсептөөгө мажбурбуз. Юридикалык жактар акылдуу эсептегичти өз эсебинен коёт. Ал эми жеке абоненттер менен сүйлөшөбүз. Айрым жерлерге биздин компания койсо, кээде келишим түзүү жолу менен коюп жатабыз. Мурда акылдуу эсептегич 20 миң сомго коюлса, азыр тендердин негизинде 5 миң (3 фазалуу) сомдун, 2000 (1 фазалуу) тегерегине түшүрүүгө жетиштик. Акылдуу эсептегичти алдоого мүмкүн эмес, -деди Назаров.
Өлкө аймагында 1 млн 400 миң абонент бар. Мамылардын 40%ы жыгач карагайдан болуп, эскилиги жеткендиктен массалык түрдө алмашпаса, авариялык абал көп жаралат. 115 миң абонентте акылдуу эсептегич бар, бул жалпы колдонуучулардын 15%ын түзөт. Быйыл 300 акылдуу эсептегичти орнотуу пландалууда. Бул жумуш 2024-жылга чейин уланат, бардык абоненттер акылдуу эсептегич орнотууга жетишет.