Биз менен байланышыңыз

Бишкекте чек ара чырында кармалган 4 жаранды бошотууну талап кылышууда

Кыска кабар | 13 Янв 2020 | 408 | 0

Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтына жакын жерде, Чүй-Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде «Чек ара» коомдук бирикмеси тарабынан митинг өтүп жатат, ага отузга жакын жаран катышууда.

Маалыматка ылайык, митинг 9-10- январда кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырда күч органдары тарабынан кармалган 4 жаранды тез арада бошотуу талабы менен уюштурулган.

Көк-Таш айылында 10-январга караган түнү чыр чыккан. Тажик тарап кыргыз жарандарынын унааларын талкалап, кийинчерээк ок чыгарган. Буга байланыштуу аял жана балдар Көк-Таш айылындагы орто мектепке жайгаштырылган. Жалпысынан 254 адам кайра үйлөрүнө кайрылып барды.

Чыр-чатакты жөнгө салууну талкуулоо максатында 14-январда өлкөнүн делегациясынын жолугушуусу өтөт.

Кыргыз тараптан вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган делегацияда Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин жетекчилери, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү бар.

Өкмөт Аппаратынын маалымат кызматы билдиргендей, жолугушууда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды турукташтыруу боюнча чаралар, чек ара коопсуздугун бекемдөө, чек ара окуяларын алдын алуу чаралары, ошондой эле чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин активдештирүү маселелери талкууланат.

Чек арада азыркы учурда абал туруктуу.

 

Copyright © 2017 Maral FM