Кыргыздарда Улукман аке деген деген ат менен таанылган Абу али Ибн Сина Бухара шаарынан алыс эмес Афшан деп аталган айылда 980-жылы жарык дүйнөгө келген. Балага Кусейин деген ысым беришет. Атасы мамлекеттик кызматкер болот. Булардын үй-бүлөсү борборго көчкөндө, балага билим алуу үчүн чоң мүмкүнчүлүк пайда болот. Себеби ал кезде Бухара диний, маданий очок катары Орто Азия жана жакынкы Чыгыштагы белгилүү мамлекет болгон. Бухара шаарына алдыңкы көз караштагы ислам аалымдары, окумуштуулар, акындар келип өздөрүнүн эмгектерин хансарай китепканасына арнашкан. Бала кезинен эле артыкча акылы менен айырмаланып, чоңдорго шумдук суроолорду берип, оозун ачырган. Баарын билгиси келген кичинекей ынтызарды диний мектепке окууга жиберишет. Кусейин өзгөчө зирек, зээндүү болуп, фарс, араб тилдерин дилгирлик менен үйрөнгөн. Он бир жашында ыйык Куранды толугу менен жаттап чыккан. Арифметика, геометрия, астрономия, химия сыяктуу илимдер жаш илимпозго кыйынчылык туудурган эмес. Ибн Сина зор ыклас, зор кызыгуу менен мусулмандардын укугу Фыкых илимин өздөштүргөн.
Ибн Сина (Абу Али Хусейн Ибн Абдаллах Ибн Сина) адамзаттын тарыхына көөнөрбөс из калтырган адамдардын катарына кирет. Аны адамзат илимдин 29 тармагында эмгектерин жазган дарыгер, философ, математик, музыкант, улуу акын катары тааныйт.
Бирок аны өзүнө өзгөчө тарткан медицина илими болгон. 14 жашында мезгилинен озгон окумуштуу шаар китепканасындагы медицина боюнча болгон-бүткөн трактаттарды окуп чыгып, ахыбалы эң оор делген бейтаптарды кыдырып, илимдин чыныгы маңызын түшүнүүгө аракет кыла баштаган. Медицина илимине кызыгуусуна ал кездеги көптөгөн китептердин автору Абу Сахл Масихи аттуу адам себепчи болгон.
Он жети жаш курагында ал Букар шаарында эң мыкты дарыгер деп табылып, атагы таш жара баштаган. Ушул учурда Улукман акени Бухара шаарынын башчысы Ибн-Мансурдукуна чакырышат. Көрсө, бул адамга дарыгерлер “айыкпайт” деп бүтүм чыгарып коюшкан экен. Жаш Кусейин шаар башчыны эч кыйынчылыксыз, кыска гана убакыттын ичинде куландан соо кылып чыгарган. Бул кызматы үчүн дарыгерге көптөгөн баалуу белек-бечкектерди, алтын, бийлик тартуулашкан. Ал эми Ибн Сина эмгегинин кайтарымына болгону падышанын китепканасына кирип, китепкана кызматынан пайдаланууну эле суранган. Себеби бул китепкана Ортоңку Чыгыштагы эң бай китепкана деп саналган. “Рух күчүнүн сырлары” аттуу философиялык эмгегин 17-18 жашында жазып бүтүргөн. Ал эми “Алммадзкуль” Аталышындагы китебин 20-21 жаш курагында жазган. Бул эмгегинде автор риторика, поэтика жана башка илимдер боюнча концепцияларын чагылдырган. 1005-жылы Улукман аке Үргөнч (Хорезм) шаарына көчүп келген. Бул жерден ал улуу адамдар менен таанышкан. Булардын арасында белгилүү математик жана астроном Абу Райкан Беруни да бар эле. Улукман акени үргөнчтүктөр “дарыгерлердин падышасы” деп атай турган болушту. Бирок дарыгердин турмушунда сур булут айлана баштаган. Аны Хорасан менен Табаристон шаарларынын ортосундагы карыптык жашоосу башталып калган. 7 жылдан кийин окумуштуу Журженге, андан соң Хорасан менен Иранга келген. Бул жерден ал “Дарыгерлик илимдин канондору” аттуу көп томдуу эмгегин жазып бүтүргөн. 1015-жылдан 1024-жылга чейин улуу окумуштуу Хамадан шаарына отурукташкан. Эмир Шамс-ад-Давлды ийгиликтүү айыктырып, увазирлик даражага ээ болгон. Аз убакыт өткөндөн кийин эмирдин каарына калып, зынданга салынат. Улукман аке зынданда да жөн жаткан эмес. Ал жерде китеп жазууну улантып, оорудан кыйналгандарга кеп-кеңештерин айтып, жардамын бере берген. Ибн Сина 1024-жылдан баштап Исфахан шаарында туруп калат. Шаар башчысы Аллаудавл дарыгерге илим изилдегенге ылайыктуу шарт түзүп берет. Таланттуу дарыгер өзүнөн кийин көптөгөн илимий эмгектерди калтырган. Алардын саны 455ке жеткен. Ал эми биздин күндөргө 240ы гана жеткен. Ибн Синанын чыгармачылыгы дүйнө жүзүнө таасирин тийгизген. Анын ичинде Орто Азия жана Чыгыш болуп көрбөгөндөй бийиктикке чыккан. 1037-жылы Ибн Сина дүйнөдөн кайтат. Сөөгү Хамадан шаарынын дубалынын жанына коюлган. Эки жарым жылдан кийин гана Исфаханга көчүрүлүп, Аль-ад-Дауд көрүстөнүнө коюлган.