Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Түркияда күрөш боюнча өткөн эл аралык турнирде алтын медаль тагынды.
Маалыматта айтылгандай, Yasar Dogu 2020 эл аралык турнири 10-12 январь күндөрү Стамбулда болуп өттү.
Тыныбекова 62 кг салмакта күрөшүп, финалда азербайжандык Татьяна Омельченкону жеңип алган.