Марал Радиосу

Айсулуу Тыныбекова Түркиядагы турнирде алтын медаль утту

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова Түркияда күрөш боюнча өткөн эл аралык турнирде алтын медаль тагынды.

Маалыматта айтылгандай, Yasar Dogu 2020 эл аралык турнири 10-12 январь күндөрү Стамбулда болуп өттү.

Тыныбекова 62 кг салмакта күрөшүп, финалда азербайжандык Татьяна Омельченкону жеңип алган.