Марал Радиосу

Бишкектеги “Нават” чайханасы өрттөндү  

Бишкек шаарынын Ибраимов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Нават» чайханасы өрттөнүп жатат. Ушул тапта Өрткө каршы кызматы өрттү чектөөгө алып, өчүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалымат кызматы кабарлады.

Кырсыкты четтетүүгө саат 11:52де шаардын Октябрь райондук №5 Өрткө каршы башкармалыктан (АӨКБ) 1 бөлүм, саат 11:53 Октябрь райондук №5 АӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 2 бөлүм тартылып, 12:22де чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө, — деп айтылат билдирүүдө.