Көк-Ташта ок атылган окуяда тажик тараптын мамлекеттик органдары чагымчылдык кылууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.
Маалыматта Тажикстандын Аскер күчтөрүнүн маалымат борбору «кыргыз тарап Тажикстандын Исфара шаарынын милиция кызматкерлеринин унаасын мылтык менен аткан» деген билдирүү таратып жатканы белгиленет.
— Бул билдирүү чындыкка дал келбейт, — дейт Чек ара кызматы.
10-январга караган түнү чыккан чатакта тажик тарап чагым жасаган. Кыргыз жарандарынын эки унаасына таш ыргытып, кыргыз жаранынын үйүн таш бараңга алышкан. Чек арада 3 сааттай маал-маалы менен куралдан ок атылып турган. Мындан улам чектеш үйлөрдөгү кыргыз жарандары: аялдар, жаш балдар коопсуз аймакка көчүрүлгөн.
— Куралдан ок атуу бир гана тажик тараптан чыккан. Кыргыз жарандары курал колдонушкан эмес. Тажиктердин чагымы кыргыз жарандарына залал келтирип, эки элдин ортосундагы карым-катнашка терс таасир этет, чек ара айылдарындагы кырдаалды курчутат. Буга карабастан тажик бийлиги чагымчылдык аракеттерди жасаган жарандарына чара көрбөй жатат, — деп белгилейт Чек ара кызматы.
Билдирүүдө ошондой эле, жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда расмий органдардын өкүлдөрү, тактап айтканда, Исфара шаарынын бийлиги окуяга комментарий берип, кыргыз тараптын чек арачыларын кескин айыптап, эки элдин ортосундагы кастыкты козутуп жатканы айтылат.
Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы 29-декабрда «тажик жараны Т.Сафарованы кыргыз жарандары мылтык менен атып, жаракат келтирген» деп негизсиз айыптаган. Сафарова үй-бүлөсүндө чыккан чырдан улам жаракат алган. Аны Тажикстандын чек ара мекемеси кыргыз тарапка оодаргысы келген. Тажик тарап мында эч кандай далил келтире алган эмес, окуяны биргеликте иликтөөдөн да баш тартышкан.
— Мындан улам тажик бийлигине жана Тажикстандын коомчулугуна окуя боюнча обьективдүү маалыматтар так эмес жана бурмаланган өңүттө жетип жатат. Бул өз кезегинде эки мамлекет орттосундагы мамилеге терс таасир этет. Мындай аракеттер менен чек ара маселелерин жөнгө салуунун ордуна тажик жарандары жана айрым расмий өкүлдөрү мамлекет башчылардын эки элдин тынчтыгын жана көп кылымдык достугун сактоонун маанилүү экенин билдирген кадамына ачык эле каршы иш жасап жатышат, — деп белгилейт Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы.
Кыргызстандын чек ара кызматы Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматын чектеш аймакта болгон окуяларга обьективдүү баа берип, Тажикстандын айрым жарандарын, же үчүнчү күчтөрдүн эки элдин ортосуна от салган чагымдарына катуу чара көрүүгө чакырат.
— Эки өлкөнүн чек ара мекемелеринин биргелешкен аракеттери менен гана чек арада чыккан көйгөйлөрдү чечүүгө, ошондой эле бүгүнкү чакырыктарга жана коркунучтарга каршы турууга болот, — деп эсептейт Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы.