Марал Радиосу

ТИМ тажик тарапка кезектеги нааразычылык нотасын тапшырды

9-январынан 10-январына караган түнү Мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде болгон жаңжалга байланыштуу Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Тажикстандын Тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат департаменти билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Тажикстан жарандары тарабынан ок атуучу курал колдонулгандыгына, ошондой эле Кыргызстандын жарандарынын автотранспорттук каражаттарына таш ыргытылгандыгына байланыштуу тынчсыздануу билдирилди.

Мындан тышкары, Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Ага тажик жарандарынын мамлекеттик чек арадагы абалды туруксуздандырууга алып келүүчү уланып жаткан деструктивдүү жана чагымчыл аракеттерине  байланыштуу нааразычылык билдирүү нотасы тапшырылды.

Тажикстандын жарандары тарабынан мындай аракеттерди болтурбоого көңүл бурулду жана абалды мындан ары күчөтпөө максатында кечиктирилгис чараларды кабыл алуу жана күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу талабы билдирилди.

Эске салсак, өткөн жылдын 16-сентябрында Лейлек районунун Максат жана Сай айылдарына жакын чек ара аймактарында эки тараптуу кагылышуудан кийин Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Тажикстандын Кыргызстандагы өкүлүнө нота тапшырган болчу.