Марал Радиосу

Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын майрамдоо жөнүндө жарлыкка кол коюлду

Президент Сооронбай Жээнбеков «Исхак Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгын майрамдоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, Кыргызстандын согуштан кийинки социалдык-экономикалык калыптануусуна зор салым кошкон мамлекеттик жана саясий ишмери Исхак Раззаковдун ысымын түбөлүккө калтыруу жана 2020-жылы анын туулган күнүнүн 110 жылдыгын майрамдоо максатында токтом кылынат:

И. Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгы жогорку улуттук деңгээлде белгиленсин.

Өкмөткө төмөнкүлөр сунушталсын:

— бир айлык мөөнөттө И. Раззаковдун туулган күнүнүн 110 жылдыгын майрамдоону даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү, ошондой эле иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыгуу жана бекитүү;

— аталган планды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен зарыл финансылык каражаттарды бөлүүнү кароо;

Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Президенттик Аппараттын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнө жүктөлсүн.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.