Марал Радиосу

Factcheck.kg сайтынын башкы редактору ур-токмокко кабылды

Бүгүн, 9-январда түшкө жакын Factcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темиров ур-токмокко кабылды. Бул тууралуу аталган сайт өзүнүн «Фейсбук» баракчасына жарыялады.

Маалыматка ылайык, чымыр денелүү белгисиз 3 киши аталган сайттын кеңсесинин жанынан журналистке кол салышып, телефонун алып кетишкен.

Эске салсак, Factcheck.kg сайтына Райымбек Матраимовдун жубайы боюнча жарыялаган иликтөөсүнөн кийин хакердик чабуул болгон, андан көп өтпөй эле Болот Темиров телефон аркылуу белгисиз бирөөлөр өзүн коркутуу аракетин көргөнүн социалдык тармактан жарыялаган болчу.