Connect with us

Иерусалимдин багындырылышы

Блог | 9 Янв 2020 | 1099 | 0

Иерусалим бир Кудайга ишенүүчүлөрдүн баарына — ыйык шаар

Иерусалим – бир кудайга ишенген – ислам, иудаизм жана христиандык баалуулуктарды кармангандардын бардыгы үчүн ыйык шаар деп саналат. Миң жылдарды кучагына камтыган өзүнүн өнүгүү тарыхында атактуу шаар көп аталыштарга ээ болгон. Маселен, Иерусалим, аль-Кудус, Ерушалаим, Элия деп аталган. Бул шаарды Сулайман пайгамбар, Дөөтү пайгамбар, ошондой эле Иса пайгамбар да өз үйү деп санаган. Куддуска пайгамбарыбыз Мухаммед да Меккеден келип, бир түндүн ичинде асманга учуп, кереметтүү саякатын жасаган. Бул саякат ислам тарыхында “Исра ва аль – Миградж” деген аталыш менен белгилүү. Анткен менен Иерусалим эч качан Алланын Элчисинин саясий кызыкчылыктарынын чордонунда болгон эмес. Бирок бул абал ислам тарыхындагы экинчи калыйпа Умар бин аль – Хаттабдын бийлик кылып турган мезгилинде өзгөргөн. Мухаммед пайгамбардын көзү тирүү кезинде Византия империясы анын түштүк чек араларында болуп көрбөгөндөй ылдамдык менен күч алып келе жаткан жаш ислам динин тез аранын ичинде таш талканын чыгарууга ниеттенген. 630-жылдын октябрь айында Табукка болгон чабуулда Мухаммед пайгамбар Византия империясынын чек арасына 30000 жоокерин алып келген. Мусулмандар византиялыктар тарабынан эч кандай аскердик каршы операцияларды көрбөгөнү менен, бул экспедиция мусулман-византиялык согуштун башталышы болгон деп эсептелип калган. Эки мамлекеттин согушу дээрлик ондогон жылдарга чейин созулган.

Халиф Абу Бакрдын башкаруу убагында (632-634жж.) Византия жергесине эч кандай аскердик чабуулдар жасалган эмес. Ал эми Умар бин аль – Хаттабдын убагында мусулмандар түндүктү көздөй – Византия падышачылыгын карай чечкиндүү аскердик экспедициясын баштаган. Византиялыктар менен кармашууга азирети Умар мусулмандардын даңазалуу кол башчылары Халид бин аль – Валидди жана Амр бин аль – Аасты жиберген. 636-жылы Ярмук аттуу калк жашаган аймакта чечүүчү салгылашуу болгон. Бул урушта византиялык аскер күчтөрүнө мусулмандар кыйратуучу сокку урган. Мунун натыйжасында византиялыктарга тиешелүү Сириянын аймагындагы Дамаск баш болгон шаарлардын бардыгы ислам жоокерлеринин карамагына өтө баштаган. Бул аймактарда жашаган жөөттөр ошондой эле христиандар мусулман жоокерлерин кубаныч менен тосуп алган. Себеби аймактагы христиандардын көпчүлүгү бир Кудайга ишенүүчүлөр эле. Булардын таркаткан чындыгы мусулмандардыкына жакыныраак болгон. Ал эми византиялыктар менен жергиликтүү элдин ишеним маселесинде асман-жердей айырмасы бар болчу. Ушундан улам мусулмандардын бийлиги жергилик элдин колдоосуна ээ болгон.

Иерусалимдин багындырылышы

637-жыл ислам аскерлери Иерусалимдин жака-белине чогула башташкан. Ал кезде шаар башчысы Патриарх Софроний аттуу адам болгон. Ал киши Византия бийлигинин өкүлү жана жергиликтүү христиан чиркөөсүнүн жетекчиси эле. Халид бин аль – Валиддин жана Амр бин аль – Астын аскерлери шаарды курчап алса да, Софроний шаарды Умардан өзүнөн башкага өткөрбөйм деп көгөрүп туруп алган. Муну уккан Умар Мединадан эшекке минип, жанына бир гана кызматчысын ээрчитип, Иерусалимге сапар тартат. Умар Иерусалимге кирери менен аны Софронийдин өзү тосуп чыгат. Ал мусулмандардын башчысынын өзүнүн кызматкеринен айырмаланбаган жупуну кебетесине абдан таң калган. Умарга шаарды көрсөтүшүп, Кудайдын кабыры деп аташкан храмга (Гроб господень) да ээрчитип барышат. Сыйынуу убактысы келгенде Софроний Умарды чиркөөнүн ичинде намаз окуп алуусун өтүнөт. Бирок буга Умар макул болбойт. Себеби Умар намазды дал ушул жерден окуган болсо, мусулмандар “Умар ушул жерден намаз окуган” деп чиркөөнү мечитке айландырып жибериши мүмкүн эле. Ал мындай кадамы менен христиан дүйнөсүн дагы бир ыйык ибаадатканасынан ажыраткысы келген эмес. Умар чиркөөнүн аймагынан алыс чыгып, намазын окуган. Кийинчерээк мусулмандар дал ошол жерге Умар атындагы мечитти курушкан.

Умардын келишими

Жергиликтүү калк менен мусулмандардын ортосунда укук жана милдеттер туурасындагы келишим түзүлгөн. Бул келишимге Умар бин аль – Хаттаб жана Патриарх Софроний кээ бир мусулман кол башчыларынын көз алдында кол коюшкан. Келишимдин текстинде “Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын аты менен бул коопсуздук кепилдигин Кудайдын кулу, туура диндегилердин башкаруучусу Умар Иерусалимдин элине берди. Умар кепилдикти Иерусалимдин жашоочуларынын өмүрүнүн коопсуздугу, жеке менчик, чиркөөлөрү үчүн, ырым-жырымдары үчүн берди. Чиркөөлөрү бузулбай тургандыгы, алар турган жерге, мал-мүлкүнө зыян тийбейт. Христандар зордук менен ислам динине киргизилбейт. Иерусалим калкы мусулмандарга салык гана төлөп, визаниялыктар менен каракчыларды кууп чыгат. Кимде-ким византиялыктар менен кеткиси келсе, чокунган кресттерин калтырып, мал-мүлкүн алып кетсе болот. Бул адамдар коопсуз жерге жетмейинче аларга зыян кылынбайт. Айыл тургундары кааласа, салыктарын төлөп шаарда калса болот. Византиялыктар менен кетип, кайра үй-бүлөлөрүнө кеткиси келгендерге жол ачык. Түшүм жыйналмайын эч кимден эч нерсе алынбасын. Эгерде алар өз милдеттемелерине ылайык, убагында салыктарын төлөшсө, ушул каттын ичинде жазылгандар Кудайдын аманаты, Анын пайгамбарынын, калыйпаларынын жана ислам динин тутунгандардын милдети болот” деп жазылды. (Тарих ат-Табариден цитата кылынды.)

Бул албетте, адамзат тарыхындагы эң прогрессивдүү келишимдердин бири болгон. 23 жыл мурун Иерусалим перстер тарбынан басылып алынып, шаар көчөлөрүндө кан суудай аккан эле. Ошондой эле дагы бир жолку массалык кыргын Иерусалим крестчилер тарабынан багындырылып алганда болгон. Умардын келишими Ыйык Куран жазылган эрежелер жана пайгамбарыбыздын насааты менен Иерусалимдин христиандарына толугу менен диний эркиндикти берген. Бул тарыхтагы диний эркиндик боюнча эң биринчи жана эң маанилүү кепилдик болгон. Иерусалимди тааныштырып жүргөн адамдардын катарында Кааб аль – Ахбар аттуу жөөт адам да болгон. Умар жөөттөргө алар үчүн ыйык деп саналган жерлерге сыйынганга мүмкүнчүлүк берген. Буга чейин византиялыктар алардын сыйынуусуна жол беришкен эмес. Бул келишим мурдагы Византия империясынын аймагындагы мусулман-христиан мамилелеринин стандарты болгон. Басып алынган адамдардын укугу бардык учурларда корголуп, ислам динине зордоп киргизүү санкцияланган эмес.

Шаардын кайра жаралышы

Умар шаарды тез арада мусулмандардын ажайып жайларына айлантууга киришкен. Мухаммед пайгамбар асманга көтөрүлгөн жерди тазалап, мусулман аскерлери Масджит аль – Акса аттуу мечитти дароо тургузушкан. Умардын башкаруу убагында жана омеяддардын башкаруу убагында Иерусалим сыйынуунун жана сооданын негизги борборуна айланып, гүлдөп өскөн. Шаарда укмуштуудай мечиттер салынып, башка дагы коомдук жайлар пайда болгон. Иерусалимдин Умар калыйпа тарабынан басып алынышы тарыхтагы маанилүү учур болгон. Кийинки 462 жылда шаар мусулмандар тарбынан башкарылып, Умардын келишиминин негизинде диний азчылыкка эркиндик берилген.

Биздин күндөрдө да шаардын статусу үчүн болгон күрөштө көптөгөн мусулмандар, христиандар, жөөттөр Умардын Келишими өзүнүн юридикалык күчүн жоготпогонун айтып келишет. Келишим дале да болсо, Иерусалимдин бүгүнкү күндөгү маселелерин чечет деген ишенимдери бар.

Материалды даярдаган Алиаскар Сагымбаев

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM