Биз менен байланышыңыз

УКМК: Солтон-Сары кенинин жетекчилиги алтын кенин уурдоого шектелип кармалды

Кыска кабар | 8 Янв 2020 | 1169 | 1

Солтон-Сары жер кенинен «Солтон Сары» алтын чыгаруучу фабрикасынын алтын камтыган өнөр жай өндүрүшүн системалык түрдө уурдаган канал аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, «Солтон-Сары» алтын чыгаруучу фабрикасынын кызмат адамдары аталган фабрикадан алтын кендерин Нарын жана Чүй облустарынын аймагында сатуу максатында мыйзамсыз чыгарып турган.

2019-жылдын 27-декабрында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Нарын облусунун Оттук айылында «Мерседес Спринтер» авто унаасы кармалып, ичинен жалпы көлөмү 1500 килограммды түзгөн 35 кап алтын камтыган кени табылган. Кармалган жүктүн көмүскө базар баасы болжол менен 4 млн. сомду түзөт.

Улуттук коопсуздук комитетинин Башкы тергөө башкармалыгынын материалдары Кылмыш-жаза Кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды

2019-жылдын 29-декабрында Солтон-Сары« кенинин башчысы «А.М.Ж.», «Солтон-Сары» алтын кен фабрикасынын директору «О.Б.Ж.» жана адиси «К.Н.Р.» кармалып, УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Азыркы убакта аталган ишке катыштыгы бар болгон башка адамдарды аныктоо максатында тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    10.01.2020 08:53

    Мындай ууруларды атып сала турган болбосо токтобойт. Же колун кесиш керек. Окмот тез арада алмашып, кадр саясаттын кармабаса болбойт. Бул бир корунуш. Кыргызстан боюнча бардык тармактарда корупция гулдоп жатат. Системаны озгортуу керек. Кантип экенин жонокой эл билип турат

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM