Марал Радиосу

УКМК: Солтон-Сары кенинин жетекчилиги алтын кенин уурдоого шектелип кармалды

Солтон-Сары жер кенинен «Солтон Сары» алтын чыгаруучу фабрикасынын алтын камтыган өнөр жай өндүрүшүн системалык түрдө уурдаган канал аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, «Солтон-Сары» алтын чыгаруучу фабрикасынын кызмат адамдары аталган фабрикадан алтын кендерин Нарын жана Чүй облустарынын аймагында сатуу максатында мыйзамсыз чыгарып турган.

2019-жылдын 27-декабрында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Нарын облусунун Оттук айылында «Мерседес Спринтер» авто унаасы кармалып, ичинен жалпы көлөмү 1500 килограммды түзгөн 35 кап алтын камтыган кени табылган. Кармалган жүктүн көмүскө базар баасы болжол менен 4 млн. сомду түзөт.

Улуттук коопсуздук комитетинин Башкы тергөө башкармалыгынын материалдары Кылмыш-жаза Кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды

2019-жылдын 29-декабрында Солтон-Сары« кенинин башчысы «А.М.Ж.», «Солтон-Сары» алтын кен фабрикасынын директору «О.Б.Ж.» жана адиси «К.Н.Р.» кармалып, УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Азыркы убакта аталган ишке катыштыгы бар болгон башка адамдарды аныктоо максатында тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.