Бүгүн, 8-январда саат 07:15те Тажикстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Зилзаланын күчү Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылында 3 балл, Карамык айылында 2,5 баллга чейин сезилди.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.