Марал Радиосу

Шашылыш билдирүү: Бишкек шаарына жана Чүй облусуна туман түшөт

Бүгүн, 8-январда жакынкы 1 саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым аймактарында туман түшөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Тумандын натыйжасында көрүүнүн аралыгы 500 метрге чейин жетет. Сак болуңуздар!