Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 6-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлсө, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда:
түнкүсүн: -1…..-6… күндүз: 2…….7°C;
Талас облусунда:
түнкүсүн: -1…..-6….күндүз: 1………6°C;
Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында:
түнкүсүн: 0……-5….күндүз: 2……..7°C
Ысык-Көл облусунда:
түнкүсүн: -4…..-9….күндүз: 1……..6°C
Нарын облусунда:
түнкүсүн: -15……-20…..күндүз: -6..……-11°C
6-январда Бишкекте күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -2……-4°C, күндүзү 5………7°C.