Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 6-январда тоолуу райондордо кар жаайт

Кыска кабар | 5 Янв 2020 | 440 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 6-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлсө, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда:

түнкүсүн: -1…..-6… күндүз: 2…….7°C;

Талас облусунда:

түнкүсүн: -1…..-6….күндүз: 1………6°C;

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында:

түнкүсүн: 0……-5….күндүз: 2……..7°C

Ысык-Көл облусунда:

түнкүсүн: -4…..-9….күндүз: 1……..6°C

Нарын облусунда:

түнкүсүн: -15……-20…..күндүз: -6..……-11°C

6-январда Бишкекте күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -2……-4°C, күндүзү 5………7°C.

Copyright © 2017 Maral FM