Марал Радиосу

Токмок мэриясы 25 үй-бүлөгө 5 миң сомдон жардам берди

Чүй облусунун Токмок шаардык мэриясы калаадагы муктаж 25 үй-бүлөнүн ар бирине 5 миң сомдон акчалай жардам берди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Каражат шаар бийлигинин резервдик фондунан бөлүнгөн.

Бөлүнгөн каражатты Токмок шаарынын мэри Данияр Амангелдиев ар бир үй-бүлөгө өзү тапшырган.