Марал Радиосу

Гурбангулы Бердымухамедовдун жаңы жылдык кечеде ди-джейлик кылган видеосу таркады [видео]

Ютубда Түркумөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун 30-декабрда жаңы жылдык кечени алып баруу үчүн башкаруучу пультта отурган видеосу жарыяланды.

Анда президент, бир саат ичинде өзүнүн тректеринин түшүндүрмөсүн, ди-джейлик кызмат тууралуу айтып, сэмпл эмне экенин, музыканы кантип түзүп, атайын эффекттерди кантип кошуу керектигин түшүндүргөн.

Андан сырткары, сахнага чыгып ырдагандарга музыка коюп, арасында өзү кошулуп ырдап отурганын байкоого болот.