Марал Радиосу

Бишкек: Бир түндө 12 бала жоголуп, кайра табылды

Жаңы жылдык майрамда Бишкек шаарындагы борбордук аянттан 12 бала жоголуп, кайра табылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Ага ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тез арада ыкчам издөө иштерин жүргүзүп, жоголгон балдарды ата-энелерине кайтарды.

Бактыга жараша, башка эч кандай окуя жана кылмыштар катталган жок.