Биз менен байланышыңыз

Максатым 2023-жылы орундалсын десеңиз…

Блог | 5 Янв 2023 | 9407 | 1

“Ийгиликке жетүү үчүн адамга так аныкталган максат,

так эмнени каалагандыгы жана ага жетүү үчүн өтө

күчтүү каалоо керек”.  (Наполеон Хилл)

Жашоодогу эң баалуу нерсе – бул убакыт, болгондо да, максатка жетүүгө багытталган иш-аракеттерди пландоо жана маселелерди чечүү үчүн арналган убакыт. Демек, убакыт – чоң капитал. Кечээ эле 2022-жылдын башында турсак, бүгүн минтип дагы бир жыл менен коштошуп турабыз. Өзүңүздүн чыныгы деңгээлиңизди билгиңиз келсе, актай барак алыңыз да бир жыл бою жетишкен ийгиликтериңизди же аткарган маанилүү эмгектериңизди жазыңыз… Татаал бекен? Кыжалат болбоңуз, мен үчүн да кыйын болду. Балким, көптөгөн жумуштарды жасагандырсыз, бирок кагазга түшүрбөгөнүңүз үчүн анализдөө кыйын. А бул биздин чоң кемчиликтерибиздин бири болуп саналат.


2023-жылы кыргызстандыктарды кандай өзгөрүүлөр жана окуялар күтөт?


Коомду бөлгөн негизги сызык жогорку 3% менен калган 97% элдин ортосунан өтөт. Баары жумушту бирдей жана нөлдөн баштаса да, натыйжада, 3% катмар болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетет. Эмне үчүн? Жообу жөнөкөй: Анкени бул 3% адамдарда кагаз жүзүндө жазылган ачык жана так максат-пландары бар жана алар күн сайын мунун үстүндө эмгектенишет. Аларга баары – эмнени  каалап, кайсы багыт менен бараткандары белгилүү. Башка адамдарга салыштырмалуу аларда ден-соолук, бакыт, байлык жана өнүгүүгө тез жана туура жете турган жол картасы бар.

Так жана кагазга түшүрүлгөн максатты ишке ашыруу үчүн аз убакыт керектелет. Мындай максат жана планы бар адамдар башкаларга салыштырмалуу орточо 10 эсе көп табышат, бирдей акыл жана билимге ээ болгон чакта да.

Жакында 150 илимпоз катышкан изилдөөдө 20дан ашуун өлкөдөгү миңдеген компаниялар изилденген. Алардын 80% ийгилиги болгону 3 факторго негизделген:

  1. Конкреттүү максат;
  2. Өлчөөнүн ачык критерийлери;
  3. Так мөөнөт.

Көрүнбөгөн чекитке жааны таамай атуу мүмкүн эместигин унутпаңыз. Эгерде сиздин так аныкталган максатыңыз болсо жана ага жетүүнүн даражасын өлчөй алсаңыз, анда сиздин жолуңуз жеңил жана кыска болот.

Жаңы жылга кирип келдик. Өткөн жылдагыдай убактыңызды эмнеге коротконуңузга өкүнгүңүз келбесе, сизге төмөнкү 3 тапшырманы аткарууну сунуштайм:

  1. Актай барак алып, алдыдагы 12 айда жетүүнү каалаган 10 максатты жазыңыз.
  2. Сиздин оюңузда жашооңузга эң көп таасир эте турган 1 максатты тандап, тоголоктоп коюңуз.
  3. Жазуу түрүндө бул максатка жетүү үчүн иш планын иштеп чыгыңыз. Бир жылдык иш планды кварталга, айга, колуңуздан келсе аптага да бөлүп алганыңыз туура.

Албетте, бир эмес бир канча максатты тандап алсаңыз болот. Бирок 10 максаттан бирөөсүнө артыкчылык берип, ошонун үстүнөн тынымсыз иштесеңиз, калган максаттарыңыздын ишке ашуусуна да жакшы шарт түзүлөт.

Эң акырында кечээ эле Фейсбуктагы акылдуу, изденген инимден үйрөнгөнүмдү бөлүшөйүн. Алдыңызга койгон максатыңызды көзмөлдөө үчүн жакшы инструмент. www.futureme.org (“келечектеги мен” деп которулат) сайтына кирип, өзүңүзгө келечектен кат жазасыз. Туурасы, койгон максатыңыздын негизинде өзүңүзгө кайрылуу жазып, көрсөтүлгөн жерге электрондук почтаңызды жазып коесуз. Мисалы, 2023-жылы 31-декабрды тандасаңыз, ошол күнү сизге азыркы жазган катыңыз келет.

Брайан Трейсинин “Убакыттын устасы” (Мастер времени) деген китебин окуп жатам. Практикалык пайдасын көрүп жатам, макалада да айрым маалыматтарын колдондум. Жогоруда айтылгандай, койгон 10 максатымдын бири да дал ушул китепти которуу болду.

P.S.: Албетте, жакшылыкты каалап, үмүт эткен жакшы. Бирок жакшылыкты Жаңы жылдан үмүт этпей, аны өзүбүз жасап, ийгиликтин себепчиси бололу.

 

Автор: Аззамбек Жээнбай уулу

30 жашка толо электерге кеп-кеңеш

Copyright © 2017 Maral FM