Марал Радиосу

2020-жылдагы ажылык сапарга баруу үчүн 7525 жаран акча төлөдү

2020-жылдагы ажылык сапарга баруу үчүн 16-декабрдан 30-декабрь, саат 17:00го чейин 7525 жаран РСК банкына акча каражатын төлөгөн. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Учурда ажылыкка катталган жарандардын документтерин толуктоо иштери жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, быйыл ажылык сапарга каттоо 16-декабрда башталган болчу.