Марал Радиосу

Мурдагы президент Атамбаевдин жаңы жылдык куттуктоосу

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жаңы жылдык куттуктоосу «Фейсбуктагы»  «Бүгүнкү КСДП» баракчасына жарыяланды.

Кымбаттуу мекендештер! Жаңы жыл – баарыбыз кереметке ишенген, изги үмүттөрдүн жана аруу тилектердин майрамы!
Мага ишенип коюңуздар, Кудай Таалам биз жеңе албаган сыноолорду жибербейт, кыйынчылыктар биздин өлкөнү күчтүү, элибизди даанышман кылат.

Келе жаткан жаңы жылда сиздердин баарыңыздарга жана жакындарыңыздарга бекем ден соолук, узак өмүр, бакты-таалай жана аруу тилектериңиздердин ишке ашуусун каалайм, — деп айтылат куттуктоодо.

Ошондой эле Атамбаев жакшылык жамандыкты, чындык кара мүртөздүктү жеңип чыгарын унутпоого чакырган.

Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулгандыгына байланыштуу жана башка бир катар айыптоолор менен УКМКнын тергөө абагына отургузулган.