Марал Радиосу

Жаңы жылды биринчи жана акыркы тоскон өлкөлөр

Дүйнө жүзү боюнча Жаңы жылды алгач болуп Тынч океандын батыш тарабындагы арал мамлекет — Кирибатинин тургундары тосушат. Аталган өлкөдө Жаңы жыл 31-декабрь күнү Бишкек убактысы менен алганда түштөн кийинки саат 4тө башталат. Демек, Кирибати Кыргызстандан 8 саат мурда Жаңы жылды тосот экен. Ошондо азыр Кирибати майрамдык фейерверктерди атып, Жаңы жылды тосуп алды десек да болот.

1994-жылы президенттике болгон шайлоодо бир кандидат эгерде шайлоодон жеңип чыкса, Кирибати Жаңы жылды баарынан мурда тосоруна убада берет. Ошентип шайлоодон соң өлкөнүн убактысы 3 бөлүккө бөлүнүп, батыш тарабы планета боюнча эң биринчилерден болуп майрамды тосуп келет.

Андан 15 мүнөттөн соң  Жаңы жылды майрамдоого Жаңы Зеландия аралдары кошулат.

Кирибатиден 1 саат өтүп, майрам Антарктидадагы Түштүк уюл жашоочуларына келет.

Андан 2,5-3 саат өткөн аралыктарда Австралиянын аймактары Жаңы жылды тосушат.

Бишкек убактысы менен алганда саат кечки 9да Жаңы жылды Япония менен Түндүк жана Түштүк Кореялар тосушат.

Күн чыгыш өлкөлөрүнөн кийин бир саат өтүп Жаңы жыл Австралиянын калган аймактарына жана Түштүк-Чыгыш Азиянын бир бөлүгүнө келет.

Биздеги саат 11де майрам Индонезиянын эшигин кагат.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн болсо, Кыргызстан менен Казакстан жаңы жылды чогуу тосушат. Ал эми биздин эле коңшулар Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанга Жаңы жыл бир саат кечигип келет.

Кирибати алгачкылардан болуп жаңы жылдын тосуп алганына 12 саат өткөн соң, майрамдык маанай Чыгыш Европа өлкөлөрүнө, алсак, Румыния, Греция жана Украинага келет. Ошол эле убакытта Жаңы жылды Түркия, Израиль жана Финляндия да тосот.

Жаңы жылды эң акыркылардын болуп Самоа мамлекетинин тургундары тосушат. Бул жакка майрам Бишкек убактысы менен айтканда 1-январь саат 17:00дө кирет.