Марал Радиосу

ӨКМ: Бишкекте, Чүй облусунда калың туман түшөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.

Бүгүн, 31-декабрда жакынкы 3 саат аралыгында жана түн ичинде Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым аймактарында туман түшөт. Тумандын натыйжасында көрүүнүн аралыгы 500 метрге чейин жетет.

ӨКМ жарандарды сак болууга чакырат.