Марал Радиосу

Ошто күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кечээ, 30-декабрь күнү түшкө жуук Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Өлкөнүн Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер силкинүүнүн күчү Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 3,5 балл, Кашка-Суу, Кара-Кабак жана Алай районунун Сары-Могол, Талды-Суу айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.