Марал Радиосу

Алматыда кулаган учактын дагы бир божомолун казак ИИМи айтып чыкты

Алматыда 27-декабрда абага көтөрүлө албай кулаган Bek Air компаниясынын учагынын кулашынын дагы бир божомолу навигациялык кызматтын ишинде кетирген ката болушу мүмкүн деп эсептешет. Бул тууралуу Казакстан ИИМинин башчсысы Ерлан Тургумбаев билдирген.

Мурдараак Казакстандын вице-премьер-министри Роман Скляр катастрофанын мүмкүн болгон божомолдорунун ичинен пилоттордун катасы жана учактын техникалык жактан бузулгандыгы тууралуу айткан. ИИМ ошондой эле учактын кыйрашына аба ырайынын шарттары себеп болушу мүмкүн экенин белгилеген. Бирок вице-премьер бул божомолду четке каккан.

Учактын борттук өзү жазуучу каражаттары жакшы абалда сакталып калган. Ал жазуулар Москвага Эл аралык авиациялык комитетке жөнөтүлгөнүн Роман Скляр билдирген.

Эскерте кетсек, жүргүнчүлөрдү ташыган Bek Air компаниясынын учагы кулаган. Кырсыктан 12 адам каза болгон. Алардын ичинде учактын командири да болгон. Мындан сырткары, ондогон адамдар да түрдүү жарааттарды алышкан.