Марал Радиосу

2020-жылы Орусиянын дагы 4 шаарында элчиликтин бөлүмдөрү ачылат

2020-жылы Орусиянын дагы төрт шаарында Кыргызстандын элчилигинин бөлүмдөрү ачылат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин жетекчиси Алмаз Имангазиев билдирди.

Имангазиевдиин айтымында, келе жаткан жылы Орусиянын Сургут, Иркутск, Якутск жана Түштүк-Сахалин шаарларында кыргыз элчилигинин кошумча бөлүмдөрү ачылат. Ошондой эле келерки жылы Орусия тараптан миграциялык мунапыс жарыялоо боюнча да өтүнүчтөр болорун кошумчалады.

Белгилей кетсек, дүйнөнүн 27 мамлекетинде Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү бар. Алардын басымдуу бөлүгү Орусияда ачылган.