Марал Радиосу

Кенже Дүйшеевага «КРнын эмгек сиңирген артисти» наамы берилди

Эстрада ырчысы, “Томирис” продюсердик борборунун жетекчиси Кенже Дүйшеевага «КРнын эмгек сиңирген артисти» наамы берилди. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында жарыяланган жарлыкта айтылат.

Жарлыкта, «Кыз-Бурак» тобунун экс-солисти, учурда “Томирис” продюсердик борборун жетектеп жаткан ырчы Кенже Дүйшеевага да наам берилгени көрсөтүлгөн.

“Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” деген ардактуу наам төмөнкү маданият өкүлдөрүнө да берилди:

 

Ахмедов Абдикерим

Султановичке

обончу, ырчы, Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин окутуучусуна;

 

Дүйшеева Кенжекан Шамшиевнага “Томирис” продюсердик борборунун жетекчисине;

 

Карыбаев Аскарбек Акматовичке

 

обончу, композиторго;

 

Касымбеков Ильичбек Тезековичке М. Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын сахна чеберине;

 

Осмоналиев Токтомуратка Т. Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын комузчусуна;

 

Шеркулов Намазбек Камчыбековичке

 

комузчуга;