Марал Радиосу

Миңге жакын адам Кыргызстандын жарандыгын алат

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргызстандын жарандыгынан чыгуу жөнүндө 3 жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Экинчи жарлыкка ылайык, Кыргызстандын жарандыгына 978 адам кабыл алынат (анын ичинен 837 — чоң адамдар жана 141 — балдар), алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

Биринчи жарлыкка ылайык, 493 адам (анын ичинен 365 — чоң адамдар жана 128 — балдар) Кыргызстандын жарандыгынан чыгарылат.

Бардыгы 1471 адам кайрылышкан, алардын 1202си — чоң адамдар жана 269у — балдар.