30-декабрда көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, тоолуу райондордо 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда:
түнкүсүн -4…+1, күндүз 1…6;
Талас облусунда:
түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5;
Баткен, Ошто, Жалал-Абад облустарында
түнкүсүн -3…+2, күндүз 3…8;
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн -1…-6, күндүз 1…6;
Нарын облусунда
түнкүсүн -16…-21, күндүз -10…-15;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20, күндүз -4…-9 градус болот.
Бишкекте кар жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1…+1°, күндүзгү жогорку температурасы 3…5° болот.